Бишкекте 19 жаштагы кызды коюп качып кеткен айдоочу аял кармалды

© Фото / Pixabay/ freestocks-photosАйдоочу. Иллюстративдүү сүрөт
Айдоочу. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Айдоочу Ахунбаев көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып жөө адамды коюп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабыркаган кыз ооруканага жеткирилген.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкекте 19 жаштагы кызды автоунаасы менен сүзүп качып кеткен 41 жаштагы аял кармалганын милициянын Кайгуул кызматы билдирди.
Окуя 7-ноябрь күнү саат 07:30дар чамасында болгон.
"Айдоочу Ахунбаев көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктан 2002-жылы туулган Ы.Г. аттуу кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген", — деп жазылган маалыматта.
Факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, натыйжада Mazda Demio автоунаасынын айдоочусун, 1980-жылы туулган Ш.Ж. аттуу аялды кармаган. Ал Бишкек ШИИББдин Жол кырсыктарын тергөө кызматына жеткирилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0