Бишкек: иске ууланган 30 жаштагы үй ээси каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
ӨКМдин билдиришинче, кырсык тууралуу маалымат түнкү 03:28де келген. Эки бригада барып, эки сааттан кийин толук өчүрүшкөн. 
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкектин Арча-Бешик конушундагы үйүндө чыккан өрттөн иске ууланып үйдүн 30 жаштагы ээси каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлады.
Шаардын Ленин районуна караштуу Арча-Бешик конушунун Күйүкова көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыкканы тууралуу кабар ӨКМге түнкү 03:28де келген.  90 чарчы метр чатыр, балдар бөлмөсү жана тиричилик буюмдар күйгөн.
"Кырсыктын кесепетинен үй ээси көмүр кычкыл газга ууланган. Жабыркаган адамды куткаруучулар Тез жардам кызматына өткөрүп бергенден кийин, ооруканага жетпей каза болгон", — деп айтылган маалыматта.
Кырсыкты четтетүүгө жалпысынан эки бөлүм барып, бир саатта чектөөгө алынып, дагы бир сааттан кийин өрт толук өчүрүлгөн.
Министрликтен өрттүн себеби такталып жатканын айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0