Аксыда кызыл китепке кирген бугуну атып, жиликтеп жаткандар кармалды. Видео

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМарал. Архив
Марал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Маралды мыйзамсыз аткандарга 1 миллион сом айып салынат. Ал эми өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынан алынса айып пул эки эсеге өсөт.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Аксыдагы Туура-Арык участкасында жайгашкан Сары-Челек биосфералык коругунда бугуну атып, жиликтеп жаткандар кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Окуя кечээ, 31-октябрда, болгон.
"Мыйзам бузгандар Аксы районуна караштуу Аркыт айылынын төрт тургуну болуп чыкты. Алардын жанынан курал табылган жок. Жаныбардын башы, териси, эти далил катары алынды. Учурда кызыл китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Марал — Борбор Азия аймагында кескин азайып кеткен жаныбар. Кыргызстанда кызыл китепке киргизилген. Маралды мыйзамсыз аткандарга 1 миллион сом айып салынат. Ал эми өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынан алынса айып пул эки эсеге өсөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0