Милиция блогер Гүлзат Мамытбекти 110 миң доллар алган деп кармады

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенчен аял. Иллюстративдик сүрөт
Кишенчен аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Арыз жазгандардын айтымында, блогер кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткен.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Гүлзат Мамытбек деп таанылган блогер Гүлзат Алымкулова кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адам билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин Биринчи май РИИБге жети киши Мамытбекти алдамчылыкка айыптап кайрылган. Алардын айтымында, блогер кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткен. Жалпы 110 миң доллар зыян келтирилгени маалым болду.
Аталган факт Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Шектүү былтыр февраль айында Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болгон. Июнда ага кылмышка шектелип жатканы боюнча кабар берилген жана сыртынан баш коргоо чарасы тандалып, борбордогу №1 тергөө абагына киргизилмек.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Октябрь РИИБдин жетекчиси көп балалуу аялдан акча талап кылган деп кармалды
Бирок августта Мамытбекке карата тергөө токтотулган, бул ага издөө жарыяланышы менен байланыштуу болгон.
Кечээ, 25-октябрда, шектүү Кыргызстанга келери менен Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0