Юградагы жол кырсыктан кыргызстандык жубайлар набыт болду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Каргашалуу окуя Юградагы Когалым менен Ноябрьск шаарларынын ортосундагы трассада болгон. Анын кесепетинен 22 жана 19 жаштагы жубайлар көз жумду.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россиядагы Ханты-Мансийск автономдук округундагы (Югра) жол кырсыктан кыргызстандык жубайлар каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 23-октябрь күнү Юградагы Когалым менен Ноябрьск шаарларынын ортосундагы трассада болгон. Анын кесепетинен 22 жаштагы А.А.М. жана 19 жаштагы А.К.А. набыт болгон. Автоунаанын рулунда А.А.М. аттуу адам отурганы айтылды.
"24-октябрь күнү элчиликтин кеңсесинде келиндин бир тууганы менен жолугушуу өттү. Ага маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку төлөмдү алуу тартиби түшүндүрүлдү. Когалым жана Ноябрьск шаарларынын диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү кошулуп маркумдун тууганына активдүү жардам көрсөтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Суусамырда болгон жол кырсык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
Суусамырдагы жол кырсыгынан эки адам мерт болуп, 10 киши жабыркады. Сүрөт
Бүгүн, 25-октябрда, элчиликтин кеңсеси Югранын Сургут району боюнча тергөө бөлүмү менен байланышкан. Алар каза болгон айдоочунун унаа башкарууга уруксат кагаздары жок болгондугуна байланыштуу тергөө органдары окуянын чоо-жайын тактап жатканын айтышкан.
"Буга карабастан тергөө башкармалыгы кырсыктан каза болгондордун сөөгүн мекенине алып кетүүгө тиешелүү бардык уруксаттарды берет", — деп айтылат маалыматта.
Элчилик маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга тез арада жөнөтүү үчүн кошумча каттамдарды иштеп чыгууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0