Бишкекте таңга маал батир өрттөнүп, ичиндеги киши көз жумду. Сүрөт

© Sputnik / Антон Вергун / Медиабанкка өтүүРабота тренажёрного комплекса по обучению горноспасателей
Работа тренажёрного комплекса по обучению горноспасателей - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан келип чыккан. Министрлик маркумдун аты-жөнү такталып жаткандыгын айтты.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Таңга маал Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдүн батиринен чыккан өрттүн ичинде калган эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
"Саат 04:02 чамасында Ленин районунун Ден Сяопин көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн бириндеги батирде жыгач пол жана диван күйгөн. Өрттүн кесепетинен бир эркек киши көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
Адам өмүрүн алган тилсиз жоо толугу менен саат 04:52де өчүрүлгөн. Министрликтен өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан келип чыкканын жана маркумдун аты-жөнү такталып жаткандыгын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0