Жалал-Абадда 37 килограмм баңгизат менен үч киши колго түштү. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МВД КРЖалал-Абадда 37 килограмм алынган баңгизат
Жалал-Абадда 37 килограмм алынган баңгизат  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
Кылмыш болгон жерди кароо учурунда жапайы кара куурайдай өзгөчө жыты бар заттар менен суюктук, төрт кап марихуана, төрт таңгак гашиш табылган.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жалал-Абадда үйдө баңгизатты өстүрүп жүргөн үч киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Министрликтин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын адистери Кызыл-Туу айылынын аймагындагы үйдө ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзгөн.
© Фото / пресс-служба МВД КРЖалал-Абадда үйдө баңгизатты өстүрүп жүргөн үч киши кармалды
Жалал-Абадда үйдө баңгизатты өстүрүп жүргөн үч киши кармалды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жалал-Абадда үйдө баңгизатты өстүрүп жүргөн үч киши кармалды
© Фото / пресс-служба МВД КРМинистрликтин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын адистери Кызыл-Туу айылынын аймагындагы үйдө ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзгөн
Министрликтин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын адистери Кызыл-Туу айылынын аймагындагы үйдө ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзгөн - Sputnik Кыргызстан
2/2
Министрликтин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын адистери Кызыл-Туу айылынын аймагындагы үйдө ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзгөн
1/2
Жалал-Абадда үйдө баңгизатты өстүрүп жүргөн үч киши кармалды
2/2
Министрликтин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын адистери Кызыл-Туу айылынын аймагындагы үйдө ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзгөн
"Анын натыйжасында баңгизаттарды мыйзамсыз даярдап жаткан М.Ж., Н.К. жана М.М. аттуу жарандар кармалды. Кылмыш болгон жерди кароо учурунда жапайы кара куурайдай өзгөчө жыты бар заттар менен суюктугу бар фляга, төрт кап марихуана, төрт таңгак гашиш табылды", — деп айтылат маалыматта.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 37 килограммды түзгөн. Анын ичинен 12 килограммы марихуана, 25 килограммы каннабистин экстракты жана 429 граммы гашиш болгон.
Кармалгандар Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0