Бишкекте 22 жаштагы айдоочу кыз коюп кеткен киши набыт болду

© AFP / PIERRE TEYSSOTЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
Айдоочу кыз Жукеев-Пудовкин менен түндүктү көздөй бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 44 жаштагы киши каза болду.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкекте 22 жаштагы кыз Lexus RX үлгүсүндөгү автоунаасы менен жөө адамды коюп кетти. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгы билдирди.
Жол кырсык кечээ күнү саат 23:00дө Жукеев-Пудовкин көчөсүндө болгон.
"Т. У. аттуу айдоочу түндүк тарапты көздөй бара жатып 1977-жылкы кишини коюп, андан соң жол жээгинде турган Mercedes Benz автоунаасын сүзгөн. Жөө адам мүрт кеткен", — дешти милициядан.
Автоунаалар айып короого токтотулуп, экспертиза дайындалды. Жол кырсыктын себептери аныкталып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0