Түркия: кыргызстандык келинди кайнатасы эмнеге өлтүргөнүн айтып берди

© AFP / FEDERICO PARRAБатирдеги аял. Архив
Батирдеги аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
Буга чейин ЖМКлар Текирдаг шаарында 65 жаштагы киши келинин бычактап өлтүрүп, денесин жашырууга аракет кылганын жазышкан.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Түркияда киши колдуу болгон 31 жаштагы кыргызстандык келиндин өлүмүнүн чоо-жайын негизги шектүү болуп жаткан кайнатасы айтып берди.
ЖМКлар буга чейин Текирдаг шаарында 65 жаштагы киши келинин бычактап өлтүрүп, денесин жашырууга аракет кылганын жазышкан. Келин шектүүнүн уулуна турмушка чыгып, эки баланы тарбиялап жаткан.
Бала көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Индиядагы кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча ТИМ маалымат берди
Жергиликтүү Milliyet басылмасынын жазганына караганда, каргашалуу окуя 12-октябрда болгон. Шектүү Фехми Адсыз жубайын атайылап неберелери менен конокко жибергени айтылууда.
Маалыматка караганда, экөө үйдө жалгыз калган кезде кайнатасы келинине неберелеримди жакшы карабайсың, аялым экөөбүзгө жакшы мамиле кылбайсың деп уруш чыгарган. Өзүнүн айтымында, келини каяша айтып, ошондон кийин ага бычак урган.
"Келиним кыймылдабай калганда өлгөнүн түшүндүм. Сөөктү жоготуу максатында кескилеп салгам. Ал учурда аялым келип калды. Бардыгын билип калып, коңшулар менен бирге полиция чакыртты", — деди шектүү.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Фехми Адсыз аялды алгач бычактап өлтүрүп, кийин денесин бензин менен иштөөчү араа менен араалап салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0