Түркияда кайната кыргызстандык келинин бычактап салды. Окуя болгон жерден видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши бычак менен. Архив
Киши бычак менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Кыргызстандык аял Түркиянын жаранына турмушка чыгып, эки баланы тарбиялап жаткан. Каргаша болгон күнү күйөөсү үйдө жок болчу.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Түркияда эркек киши өзүнүн 31 жаштагы кыргызстандык келинин бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу SonDakika агенттиги жазды.
Каргаша Текирдаг шаарында болгон. Басылманын маалыматына караганда, 65 жаштагы Фехми өзүнүн Кыргызстанда туулуп-өскөн келини менен уруша кеткен. Үйдө чуу чыккан кезде келиндин жолдошу башка жакта болгон.
Экөөнүн ортосундагы уруш күчөп мушташканга чейин барышкан. Натыйжада аялды кайнатасы бычактап өлтүргөн. Бул учурда үйгө маркумдун кайненеси келип калып коңшуларына кайрылган. Алар полиция чакырган.
"Тартип коргоочулардын колуна түшкөн шектүү кылган ишин мойнуна алды", — деп айтылат маалыматта.
Келин 65 жаштагы Фехминин уулуна турмушка чыгып, эки баланы тарбиялап жаткан.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0