Жазасын алды. Маршрутка менен троллейбус айдоочусунун жакалашкан видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековКишилердин ортосундагы конфликт. Иллюстративдик сүрөт
Кишилердин ортосундагы конфликт. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Мурдараак интернетке эки айдоочунун урушуп жаткан видеосу тарап кеткен. Окуяга күбө болгондор рулду башкаргандардын жол талашып кетип, чатакташканын айтышкан.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы № 199 маршрутка менен № 2 троллейбустун айдоочусуна чара көрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлады.
Мурдараак интернетке эки айдоочунун урушуп жаткан видеосу тарап кеткен.
Окуяга күбө болгондордун бири Авланбек Жумабаев чатак маршрутканын айдоочусу троллейбустун жолун тороп алгандыктан болгонун айтып берди.
Бишкек троллейбус башкармалыгынан тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда ички комиссия окуя боюнча иш алып барган. Анын чечими менен кыймылдагы курамды эксплуатация кылуу бөлүмүнүн жетекчиси менен троллейбустун айдоочусуна сөгүш жарыяланган. Коопсуздук бөлүмүнүн начальниги менен айдоочунун жетекчисине эскертүү берилген.
"БайШамТранс" ЖЧКсынын — жүргүнчүлөрдү ташыган фирманын инженерине жана № 199 маршрутканын айдоочусуна сөгүш жарыяланган.
Аталган фирма менен троллейбус башкармалыгынын жооптуу кызматкерине айдоочуларга жүргүнчүлөрдү тейлөөдө жана транспортту аралык сактап башкаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0