Түндө Таластагы мейманканага эркек киши кол салып, конокторду кууп чыккан. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСоюл кармаган адам. Архив
Союл кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, окуя түнкү саат 4:00дөр чамасында болуп, милицияны чакырганда 40 мүнөттөн кийин гана келген.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүгө караган түнү Талас шаарындагы Kerben Palase мейманканасына белгисиз киши кол салып, конокторду сыртка кууп чыкты. Бул туурасында медиа эксперт Авланбек Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, окуя түнкү саат 4:00дөр чамасында болуп, милицияны чакырганда 40 мүнөттөн кийин гана келген.
"Өзүм дагы эки күн мурун иш сапар менен барып ошол жерде жатып келгем. Ал шаардагы алдыңкы мейманканалардын бири болуп саналат. Башка кесиптештерим менден кийин барып ушул окуяга туш болду. Болжол менен 35-40 жаштагы киши түндө кирип келип эшиктерди талкалап, ичинде жаткан кыздарды, улгайган кишилерди сыртка кууп чыгып, күндүн сууктугуна карабай тизип тургузуптур. Сөгүп-сагып, коноктордун баарын коркуткан. Мейманкана шаардын чок ортосунда жайгашканына карабай милиция 40 мүнөттөн кийин араң келиптир", — деди Жумабеков.
Мындан сырткары, ал сыртта турган эки автоунаанын да терезелерин талкалаганын айтты. Жумабеков көп конок жайгашкан жерде коопсуздук камсыздалбаганына нааразы болууда.
Пенсильвания штатында полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
АКШда атылган кыргызстандык. Каргашага чейинки окуянын видеосу тарады
"Бактыга жараша, эч ким жаракат алган эмес. Эгер анын куралы болсо 40 мүнөттө канча адамды атып өлтүрмөк. Күбөлөр тартип сакчылар келип тополоң салган кишинин колун кайрыбай, машинага отурушун суранып араң алып кеткенин айтып таң калууда", — деди ал.
Талас ОИИБдин маалымат кызматы бейбаштык кылган жаран шаардык милиция бөлүмүнө алып келингенин билдирди. Бул боюнча толук маалымат бир аздан кийин берилерин убадалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0