АКШда атылган кыргызстандык. Каргашага чейинки окуянын видеосу тарады

© AFP / MARK MAKELAПенсильвания штатында полиция кызматкери. Архив
Пенсильвания штатында полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Жазылуу
Каргашага чейин тартылган кадрдан алгач эки киши кыргызча сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Андан соң полиция кызматкерлери келген.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Жалпыга маалымдоо каражаттарына Пенсильвания штатында (АКШ) полиция кызматкерлери кыргызстандык жаранды атып сала электе тартылган видео жарыяланды.
Буга чейин 5-октябрда Пенсильвания штатындагы Клинтон округунда тартип сакчылар 28 жаштагы кыргызстандыкты атып салышкан. Жаран трак-компаниядагы ишинен айдалгандан кийин үч миң доллар айлыгын ала албаганына ызаланып жүк ташуучу унааны айдап кеткени, кийин полициянын автосун какканы боюнча маалыматтар тараган.
Kaktus.media жарыялаган кадрдан алгач эки кишинин кыргызча сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Видеонун автору Нургазыга (маркум – ред.) "Түшсөң, алдагы колуңдагы эмне? Ошону менен мени коркутуп жатасыңбы? Эй, биз Америкада жүрөбүз!" деп кыйкырып жатканын угууга болот. Бир маалда полиция өкүлдөрү келип видеонун авторун колундагылардын баарын таштап жерге жатуусун талап кылышкан. Ал тартип сакчылардын буйругун аткарган. Андан соң офицерлер Нургазыга кайрылып, трактан сыртка чыгышын талап кылышкан. Бирок ал эч нерсе деп жооп берген эмес. Укук коргоочулар жерде жаткан кишиден Нургазынын жанында ок атуучу куралы бар-жогун сурашканда англисче жакшы түшүнбөй турганын айтып, бирок экинчи ирет суроо салганда "ооба" деп жооп берген. Ошол эле учурда видеонун автору улам "ал акмак" деп кайталап жатты. Видеожазуу ушул жеринен үзүлүп калган.
АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Элчилик: АКШ бийлиги кыргызстандыктын өлүмүн адилет иликтөөнү убадалады
Такталбаган маалыматтар боюнча, каза болгон 28 жаштагы М.Н. менен ал иштеген автотранспорт компаниясынын башчысынын талашы каргашага себеп болгон.
Дагы бир версия боюнча, М.Н. белгисиз себептен улам полицияга баш ийбей, жүк ташуучу унаа менен качып кетүүгө аракет кылып, полициянын эки унаасын сүзүп бир кызматкери жабыркаган. Мындан улам полиция бир нече жолу ок чыгарган.
Жаңылыктар түрмөгү
0