Элчилик: АКШ бийлиги кыргызстандыктын өлүмүн адилет иликтөөнү убадалады

© Фото / пресс-служба МИД КРАКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу. Архив
АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Жазылуу
Мамлекеттик катчынын жардамчысы кыргызстандыктын өлүмү боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы жакында расмий жарыяланарын убадалаган.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Пенсильвания штатындагы Кыргызстандын жаранынын өлүмү боюнча акыйкат иликтөө жүргүзүлөт. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу билдиргенин Кыргызстандын Америкадагы элчилиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, элчи Бакыт Аманбаев каргаша тууралуу маалымат түшөрү менен Дональд Луга байланышка чыккан.
"Элчи кыргыз коомчулугу трагедиянын акыйкат иликтенишин, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну талап кыларын билдирди. Дональд Лу АКШнын тийиштүү бийлиги тарабынан тыкыр жана адилет иликтенип, жакында кыргызстандыктын өлүм тууралуу расмий отчет жарыяланарын айтты", — деп жазылган билдирүүдө.
АКШнын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
АКШда кыргызстандыктын өлүмү: ЖМК окуянын чоо-жайын жазды
Элчилик билдиргендей, такталбаган маалыматтар боюнча, каза болгон 28 жаштагы М.Н. менен ал иштеген автотранспорт компаниясынын башчысынын талашы каргашага себеп болгон.
Дагы бир версия боюнча, М.Н. белгисиз себептен улам полицияга баш ийбей жүк ташуучу унаа менен качып кетүүгө аракет кылып, полициянын эки унаасын сүзүп, бир кызматкери жабыркаган. Мындан улам полиция бир нече жолу ок чыгарган.
"Элчилик маркумдун үй-бүлөсү жана адвокаттары менен бир нече жолу сүйлөштү. АКШнын Ички коопсуздук министрлиги жана жергиликтүү полициясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жиберүү үчүн документтер даярдалды. Ошондой эле элчиликтин ыйгарым укуктарына кирген иштерди өз убагында аткарууда", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 5-октябрь күнү АКШнын Пенсильвания штатында кыргызстандык жаран полиция кызматкерлеринин колунан каза болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0