Ошто 8 жаштагы кызды автоунаа кагып кетти. Окуянын видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдон өтүп жаткан кыз. Архив
Жолдон өтүп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Кызды кагып алган айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Бирок милиция аны бир суткадан кийин таап алды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ошто Daewoo Matiz үлүгсүндөгү автоунаа сегиз жаштагы кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.

Кырсык 28-сентябрь күнү Шакиров көчөсүндө болуп, видеокөзөмөлгө тартылып калган.

Милициянын маалыматына караганда, айдоочу наристени сүзүп алган соң Honda CR-V автоунаасына урунуп, андан ары качып кеткен.

Кыз ошол замат Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. 29-сентябрь күнү шектүү катары 27 жаштагы А. Б. кармалып, автоунаасы убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0