Түндө Бишкектеги "Кыял" базарынан өрт чыкты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкектеги "Кыял" базарында өрт
Бишкектеги Кыял базарында өрт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Өрттөн идиш-аяк, бут кийим оңдоочу жай, кийим тигүүчү машиналардын күйгөнү айтылды. ӨКМ кызматкерлери тилсиз жоону таңкы 05:27де толук өчүргөн.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Түндө Бишкектеги "Кыял" базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Базардагы өрттөн бут кийим оңдоочу жай, 17 даана кийим тигүүчү машина, идиш-аяк, суусундук сатуучу темир контейнер жана темир устундуу өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн.

© Фото / пресс-служба МЧС КРКрупный пожар на рынке "Кыял", площадью 100 квадратных метров произошел в Бишкеке. 30 сентября 2021 года
Түндө Бишкектеги Кыял базарында өрт чыкты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Түндө Бишкектеги "Кыял" базарында өрт чыкты
© Фото / пресс-служба МЧС КРКрупный пожар на рынке "Кыял", площадью 100 квадратных метров произошел в Бишкеке. 30 сентября 2021 года
Базардагы өрттөн бут кийим оңдоочу жай, 17 даана кийим тигүүчү машина, идиш-аяктар, суусундук сатуучу 17 даана темир контейнер жана темир устундуу өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн - Sputnik Кыргызстан
2/2
Базардагы өрттөн бут кийим оңдоочу жай, 17 даана кийим тигүүчү машина, идиш-аяктар, суусундук сатуучу 17 даана темир контейнер жана темир устундуу өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн
1/2
Түндө Бишкектеги "Кыял" базарында өрт чыкты
2/2
Базардагы өрттөн бут кийим оңдоочу жай, 17 даана кийим тигүүчү машина, идиш-аяктар, суусундук сатуучу 17 даана темир контейнер жана темир устундуу өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн
"Ошондой эле эки чач-тарачтын пластик терезелери жана аба муздаткычы эриген. Жалпысынан болжол менен 100 чарчы метр жер күйгөн", — деп айтылат маалыматта.

Өрт 30-сентябрга караган түнү саат 4:33тө чектөөгө алынып, 05:27де толук өчүрүлгөн. Азыркы учурда кырсыктын эмнеден келип чыкканы такталууда. Белгилей кетсек, "Кыял" базары Бишкектеги "Ош" базарынын аймагында жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0