Бишкекте кафе өрттөнүп жатат. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт чыккан жердеги ӨКМ кызматкерлери
Өрт чыккан жердеги ӨКМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Өрт тууралуу маалымат келип түшкөндөн кийин ал жерге төрт бригада жөнөп кеткендиги кабарланды.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын батыш тарабында, Кулиев көчөсүндөгү тамактануучу жайдан (кафеден) өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган жай Биринчи май районунун аймагында жайгашкан.

"Тилсиз жоону өчүрүүгө 13:03тө жалпы төрт бригада тартылган", — деп жазылган билдирүүдө.

Министрликтен кошумча маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0