Ошто апасы менен сууга аккан кыздар. 1,7 жаштагы бөбөктүн сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРСуучул издөө иштери учурунда. Архив
Суучул издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Кыздар апасы ажатканага киргенде каналга түшүп кеткен. Аларды куткарам деп апасы кошо сууга агып, улуу кызы менен келинди жергиликтүү тургундар аман алып калган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда сууга аккан 1,7 жаштагы бөбөктүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 26-сентябрда 24 жаштагы келин эки кызы менен сууга агып кеткен. Жергиликтүү тургундар келинди жана анын үч жаштагы кызын аман алып калганга жетишип, кичинекей бөбөк табылбай жаткан. Аны издөө үчүн Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагындагы каналдагы суу токтотулуп, куткаруучу, жергиликтүү тургундар ишке тартылган.

"Бүгүн, 28-сентябрь күнү, бөбөктү издөө иштери уланып, ага ӨКМдин 16 куткаруучусу жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылган. Натыйжада саат 10:50дө куткаруучулар 1,5 чакырым жерге агып кеткен кыздын сөөгүн табышкан", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ кызматкерлери сөөктү туугандарына өткөрүп бергени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0