Тулада жол кырсыгынан эки кыргызстандык мүрт кетти

© Фото / Pixabay/ ergeЖол кырсык. Иллюстративдик сүрөт
Жол кырсык. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Каргашада кыргызстандыктардан сырткары дагы эки адам көз жумганы айтылат. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россиянын Тула облусунда кыргызстандык 34 жаштагы аял менен 35 жаштагы эркек киши жол кырсыгынан каза тапканын элчилик кабарлады.

Каргаша кечээ, 23-сентябрда, Р-22 "Каспий" шоссесинде болгон. Анда кыргызстандыктардан сырткары дагы эки адам көз жумган.

Окуя боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесиндеги 5-бөлүм боюнча ("Жол эрежесин бузуу, байкабастыктан экиден ашык адамдын өлүмүнө алып келүү") кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0