Боюнан түшүп калган. Каракол милициясы кош бойлуу келинди сабады деп шектелүүдө

© AFP / ANTHONY WALLACEКош бойлуу келин. Архив
Кош бойлуу келин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
Келин Акыйкатчы аппаратына кайрылып, милиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга жардам берүүсүн суранып жатат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Каракол шаардык милициясынын кызматкерлери кош бойлуу келинди сабаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлады.

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө келин кайрылып, эки милиционер жана бир тергөөчү кол салганын, бул окуядан кийин беш айлык түйүлдүк боюнан түшүп калганын кошумчалаган.

Арыздануучунун айтымында, ушул жылдын 5-августунда милиция кызматкерлери аны кармап алып, ур-тепкиге алышкан, ал тургай ичке тээп, өлтүрөбүз деп коркутушкан.

Келин Акыйкатчынын аппаратына кайрылып, милиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга жардам берүүсүн суранып жатат.

Бала көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Индиядагы кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча ТИМ маалымат берди
Омбудсмен Ысык-Көл облусунун прокуроруна кайрылуу жолдоп, жооп калды. Ал жактан жарандын кайрылуусу боюнча Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чабуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди. Тергөө иштери УКМКнын аймактык башкармалыгына өткөрүп берилген.

УКМКдан Акыйкатчы институтуна иликтөө иштери жүрүп жатканын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0