Маршруткадан түшүп баратып мушташып... Ысык-Атадагы окуянын видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековМушташ. Иллюстративдик сүрөт
Мушташ. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Милиция жабырлануучунун арызынын негизинде ишти Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Чаламандын чак түшүндө үчөөлөп бир эркекти сабаган жарандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлады.

Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланган.

Анда Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын көчөлөрүнүн биринде коомдук транспорттон төрт эркек жакалашып түшүп жолдун боюнда мушташканын байкоого болот. Аларды жолдо өтүп бара жаткандар ажыратып калган. Жабырлануучу ошол эле күнү, 10-сентябрда, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

"Арыздануучу аны кошунасы балдары менен сабап, денесине залал келтиргенин билдирген. Аталган иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча катталып, учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда", — деди милициядан.

Кошумчалай кетсек, сабалган жаран буга чейин да укук коргоо кызматкерлерине 2020-жылдын 18-июнунда жана 20-декабрында ошол эле кошунасы уулдары менен сабап кеткенин айтып, ички иштер бөлүмүнө арызданган. Анын бири курамында кылмыштын белгилери жок делип кыскартылса, экинчиси боюнча дагы эле тергөө жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0