УКМК: чек ара кызматкери досунун өлүмүнө шектелип кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенделген жаран. Архив
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Аскер кызматкери укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан бүгүн колго түшүрүлдү. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Чек ара кызматынын аскери адам өлтүрүүгө шектелип калмалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Билдирүүгө караганда, 18-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын четинен эркек кишинин сөөгү табылган. Анын өлүмүнө шектүү катары УКМКнын Чек ара кызматынын эмгек өргүүсүндө жүргөн С.П. аттуу аскер кызматкери кармалды.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, 17-сентябрь күнү аталган аскер кызматкери эки досу менен үлпөт тойдон кайтып келе жатып уруша кетишкен. Алгач достор кайым айтышып, кийин мушташканга чейин жеткен. Жыйынтыгында достордун бири көз жумган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн, 18-сентябрда, аскер кызматкери укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0