500дөй майнинг-ферма иштеткен кыргызстандык жаран кармалды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМайнинг-ферма на территории технополиса "Москва"
Майнинг-ферма на территории технополиса Москва - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Жазылуу
Учурда аныкталган фирмалардын мамлекетке келтирген зыянын аныктоо боюнча тиешелүү аракеттер жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. УКМК энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу ишинин жүрүшүндө мыйзамсыз иштеп жүргөн бир нече майнинг-ферманы аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлады.

Билдирмеге караганда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргызстандын М.Д.Ю. аттуу жараны электр энергиясын бөлүштүрүүчү "ЭТ" компаниясына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын ири өлчөмдө уурдап турганы аныкталган. Ошондой эле ал майнинг-фермалар аркылуу криптовалюта алуу үчүн мыйзамсыз иштерди уюштуруп келген.

"15-сентябрда электр энергиясын бөлүштүрүүчү "ЭТ" компаниясынын электр тармактарына мыйзамсыз туташтырылган 500дөн ашык майнинг-ферма табылган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда аныкталган фирмалардын мамлекетке келтирген зыянын аныктоо боюнча тиешелүү процессуалдык аракеттер жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0