Ошто патрулдук милиция кишини муунткан. Окуянын чоо-жайы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкери. Архив
ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Социалдык тармактарга патрулдук милициянын кызматкерлери кишини муунтуп жаткан видео тарады. Бул боюнча тартип сакчылары түшүндүрмө беришти.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Автоунаадагы мас айдоочулар милициянын ишине тоскоолдук жараткандыктан аларга карата мыйзамдуу чара көрүлдү. Бул тууралуу Ош милициясынын патрулдук кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин соцтармакка патрулдук милициянын кызматкерлери кишини муунтуп жаткан видео тараган.

"14-сентябрда чакыруу түшүп, кызматкерлер жерине жөнөгөн. Айдоочу жол чырактын кызыл түсүнө өтүп кеткени үчүн токтотулган. Ал спирт ичимдигин колдонбогону аныкталды. Бирок автоунаадагы жүргүнчүлөр мас болгондуктан милициянын ишине тоскоолдук жараткан. Тартип сакчылары аларга карата мыйзамдын чегинде чара көргөн", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты учурда иликтенип жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0