Мал союп этин тараткан. Аксыда 7 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү

© Sputnik / Саид ЦарнаевПразднование Курбан-Байрама в регионах России
Празднование Курбан-Байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Жазылуу
Күйдүргү жуктургандар менен 41 адам байланышта болгону аныкталды, анын ичинен ону 14 жашка чыга элек балдар.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жети адам күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү. Бул тууралуу Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жумада Кара-Суу айыл аймагынын Жүзүмжан айылынын тургундары өлүп калган уйду союп, этин 17 үй-бүлөгө тараткан. Андан соң кээ бирлеринин колунда ыйлаакчалар пайда болуп, жети адам күйдүргүнүн белгилери менен Аксы райондук оорукана жаткырылган.

"Негизи бир уй капысынан өлүп калганда союшкан, алар деле күйдүргү бар экенин билбесе керек. Учурда эки адамдын лабораториялык анализдеринен күйдүргү аныкталды. Калган бешөөнүкү терс чыкты, бирок колдорундагы жара оорунун белгисин көрсөтүүдө. Баарынын абалы жакшы. Ал эми булар менен 41 адам байланышта болгону аныкталды, анын ичинен ону 14 жашка чыга элек балдар. Алар үйүндө медиктердин көзөмөлүндө болуп, антибиотик алып жатышат", — деди Бектурдиев.

Мындан улам айылда санитардык агартуу иштери күчөтүлгөн. Ветеринардык адистер мал союлган жерден алынган топуракты лабораторияга жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0