20:03 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
110 0 0

Милиция Бельгия, Франция, Нидерланд, Испания жана Грециянын жасалма паспортторун тапкан. Шектүү тергөө абагына киргизилди.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстан жарандарынын Европа жана АКШ өлкөлөрүнө мыйзамсыз миграциясын уюштурган канал аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү иш-чараны Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын кызматкерлери жүргүзгөн.

"2020-жылдын декабрь айында жумуш менен камсыз кылган ЖЧК PEACE жеке агенттиги белгилүү бир акча каражатына Европа өлкөлөрүнүн паспортун жасалмалоо аркылуу Европада жана Америкада жарандарды жумушка орноштуруу боюнча мыйзамсыз кызмат көрсөтүп келген", — деп айтылат маалыматта.

Жасалма паспортторду колдонгон жарандар Украинанын Чек ара кызматы тарабынан кармалып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрина катталып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон Ж.У. аттуу жаран Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жашырынып жүргөн жеринен кармалган. Учурда Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилди.

"Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бельгиянын, Франциянын, Нидерланддын, Испаниянын жана Грециянын жасалма паспорттору, компьютердик жана кеңсе техникалары табылган. Аларга экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экенин аныктоо үчүн жабыр тарткан жарандарды (0312) 26-61-70, (0312) 26-61 -65, 0700 84-84-40, 0703 55- 81-25 номерине байланышууну суранды.

Тема боюнча

Бири таксист болгон. Жасалма ПЦР-тест сатууга шектелгендер кармалды
Белгилер:
Кыргызстан, АКШ, Европа, ИИМ, миграция, паспорт

ЭҢ МААНИЛҮҮ