Лейлектеги жол кырсыктан эки адам мүрт кетип, 7 киши ооруканада жатат. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия ДТП на трассе Исфана — Кайрагач
Последствия ДТП на трассе Исфана — Кайрагач - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Жазылуу
Жол кырсыгы Исфана — Кайрагач унаа жолунда катталып, Honda Stepwgn менен Honda Fit кагылышкан. Жабыркагандардын арасында 6 жана 9 жаштагы эки бала бар.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Баткендин Лейлек районундагы жол кырсыгынан эки киши көз жумуп, дагы жети адам жабыркаганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Nissan GT-R. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Бишкек: жарыш учурунда Nissan GT-R унаасы тосмого кадалып, талкаланды. Видео
Окуя Исфана — Кайрагач унаа жолунун 13-чакырымында катталып, Honda Stepwgn менен Honda Fit үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Каргашадан көз жумгандар 43 жана 30 жаштагы эркек кишилер экени айтылды. Мындан сырткары, 61, 56, 37, 26 жаштагы аялдар менен 6 жашар кыз, ошондой эле 30 жана 9 жаштагы эки эркек жабыркаган. Алар Тез жардам кызматы аркылуу Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилген.

Жерине тартылган үч куткаруучу каза тапкандардын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0