17:17 20 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7931
  • EUR98.5847
  • RUB1.1933
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
100 0 0

Кармалган аялдын алдамчылыкка байланыштуу дагы башка кылмыштарга тийиштиги текшерилүүдө. Былтыр анын үстүнөн 10 киши арыз жазып, иши сотко өткөн.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Чүйдө жер тилкесин алып берем деп бир нече кишини алдаган 60 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Задержанная по факту мошенничества с земельным участком женщина. 09 сентября 2021 года
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Чүйдө жер тилкесин алып берем деп бир нече кишини алдаган 60 жаштагы аял кармалды

Бишкек шаарынын тургуну Сокулук ИИБге кайрылып, 2019-жылы чала тааныштары Ново-Павловка айылынан жер тилкесин алып берем деп Land Rover Discovery үлгүсүндөгү унаасын алып из жашырып кеткенин билдирген.

Аталган факт Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен каттоого алынган. Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

"Учурда анын алдамчылыкка байланыштуу дагы башка кылмыштарга тийиштиги текшерилип жатат. Үстүнөн үч арыз түштү. Шектүүгө былтыр дагы 10 арыз түшүп, кармалган болчу. Чогултулган материалдар сотко жөнөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Милиция жабыркагандарды 0(708) 14 88 70 жана 0 (508) 27 88 66 номерлерине байланышууну суранды.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Тема боюнча

Жети-Өгүздөн 2 млн. сомго абрикос алып, өлкөдөн качып бараткан киши кармалды
Белгилер:
Чүй облусу, милиция, алдамчылык, жер тилкеси, кармоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ