Чоң Кеминдин токоюнан кечээ чыккан өрт өчүрүлө элек. Видео

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТокойдогу өрт. Архив
Токойдогу өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
ӨКМ өрт адамдардын шалаакылыгы менен кайдыгер мамилесинен улам келип чыкканын айтып, табият кырсыктарынын келип чыгышына жол бербөөгө чакырган.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Чоң Кемин районундагы Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан Көк-Жар, Борду коктусунан өрт чыгып, карагай, арчалар өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жаратылыш кырсыгынын видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.

ӨКМдин маалыматына караганда, аны өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кечээ эле чыгып кетишкен. Бүгүн таңкы 6:30да Чүй облусу боюнча башкармалыктын жетекчиси баштаган төрт офицердик курам чыгып кеткен. Ошондой эле Кемин, Чүй, Токмок шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 50 кызматкери, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордон 30 куткаруучу, 100дөй жергиликтүү тургун, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттен 80 кызматкер, Токой чарба агенттигинен 20 кызматкер кеткен.

ӨКМ өрт адамдардын шалаакылыгы менен кайдыгер мамилесинен улам келип чыкканын айтып, өрт коопсуздугун сактап, табият кырсыктарынын келип чыгышына жол бербөөгө чакырган.

Министрлик кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0