Бишкекте катуу сабалган келин эсине келбей ооруканада көз жумду

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Кылмышка шектүү катары маркумдун чогуу жашаган адамы кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Өз батиринде сабалган 40 жаштагы бишкектик келин ооруканада каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

26-августта милицияга О.С. аттуу 40 жаштагы аял башы жарылып, кабыргасы сынып, ар кандай жаракаттары менен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна түшкөнү тууралуу маалымат келген. Жабырлануучу өзүнө келе албай, ооруканада үзүлгөн.

 

© Фото / пресс-служба УВД Октябрьского районаШектүү
Бишкекте катуу сабалган келин эсине келбей ооруканада көз жумду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Шектүү

Милиционерлер маркумдун төртүнчү кичи райондогу батиринде чогуу жашаган кишиси менен чырдашкандыгын аныктады.

 

"Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү ("Денеге байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Кылмышка шектүү катары маркум менен чогуу жашаган 50 жаштагы К.Б. аттуу жаран кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0