Чүй ОИИБ: Степное айылында бычакталган аялдын башы кесилген эмес

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения на человека с ножом
Случаи нападения на человека с ножом - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошуналары суралып, алар каза болгон аялдын үйүнөн 5-сентябрь күнү болжол менен саат 17:00дө түтүн чыгып жатканын көргөнүн айтышкан.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Чүй облусунун Степное айылында киши колдуу болгон аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 5-сентябрь күнү болжол менен саат 21:40тар чамасында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Степное айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Милициянын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, үйдүн артынан аялдын сөөгүн көрүшкөн. Денесинде бычактан алган бир нече жаракат аныкталып, ал 60 жаштагы С.Т. аттуу аял экени такталган", — деп жазылат билдирмеде.

Аталган иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталган.

Киши бычак менен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Бишкектин четиндеги конушта күйөөсү аялын бычактап, андан соң өзүнө кол салган
"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошуналары суралып, алар каза болгон аялдын үйүнөн 5-сентябрь күнү болжол менен саат 17:00дө түтүн чыгып жатканын көргөнүн айтышкан. Алар үйүнө кирип, бөлмөдөгү матрацтын түтөп жатканын көрүп дароо аялдын тууганына кабар беришкен. Анын сөөгүн кийинчерээк байкап милицияга чалышкан", — деп жазылат маалыматта.

Укук коргоо органдары аялдын башы кесилген абалда табылган жана үйү өрттөлгөн деген маалымат чындыкка дал келбей турганын кошумчалаган.

"Көз жумган аялдын денесинен бычактан алган жаракаттары болгон, үйүнөн өрт чыккан эмес", — деп жазылат маалыматта.

Азыркы тапта кылмыштын бетин ачуу үчүн Чүй ОИИББдин жана Жайыл РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган ыкчам топ тергөө иш-амалдарын жүргүзүп, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0