Бишкек: түнкү барда массалык мушташ болуп, төртөө кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовМушташып жаткан адамдар. Архив
Мушташып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Уруш чыгаргандар боюнча администратор менен бардын мушташтан жабыркаган кызматкери милицияга арызданган.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Чердак" түнкү барындагы массалык мушташ фактысы боюнча төрт киши кармалды. Бул туурасында Биринчи май РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Жаңы үйлөнгөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Мушташкан эмес! Милиционер атып салган айдоочунун аялы видео кайрылуу жасады
Милицияга уруш болуп жатканы боюнча кабар 2-сентябрда түнкү саат 03:20да түшкөн. Тартип сактоочулар мушташ чыккан жерге барып, жагдайды көргөндөн кийин төрт уланды милиция бөлүмүнө алып келген. Алардын үчөө 20, ал эми бири 19 жашта экени айтылды. Окуя боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Коомдук тартип бузуп, бардын мүлкүнө зыян келтирип, кызматкерди жабыркатканы үчүн чара көрүүнү өтүнүп милицияга администратор кайрылган. Мындан сырткары, аталган жайдын мушташтан жабыркаган кызматкери арыз жазган. Кечээ милицияга жеткирилген төрт жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо абагына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0