COVID: 145 адам ооруп, төрт бейтап көз жумду. 31-августтун маалыматы

© AFP / Go NakamuraСитуация в США на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в США на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Ооруну жуктургандарга караганда айыгып чыккандардын саны арбыды. Ал эми Ош дубанында COVID-19 катталган эмес.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Соңку суткада коронавирус 145 адамга жугуп, төрт бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.

Оору менен күрөшүп жаткан 360 адам айыгып чыккан.

COVID-19 төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек – 47;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 31;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 40;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 10.

Дубандар боюнча Ош облусунда COVID-19 жуктурган учур катталган эмес.

Статистикалык маалыматта коронавирустун кечээ төрт адамдын өмүрүн алып кеткени кабарланды. Бул учурду кошкондо аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 528 кишиге жетти.

Бул күндөрү Кыргызстан боюнча стационарда 1071 жана амбулатордук түрдө 914 бейтап дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0