Коронавирус дагы 5 адамдын өмүрүн алды. Соңку статистика

© AFP / RAUL ARBOLEDAСитуация в Колумбии на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в Колумбии на фоне пандемии COVID-19  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
Өткөн суткада эмдөөдөн 11 850 адам өткөн. Анын ичинен 3 736 киши биринчи дозасын алса, 8 114ү вакцинанын экинчи компоненти менен эмделди.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде 213 адамдан коронавирус табылып, 348 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 94;
  • Ош шаары – 6;
  • Чүй облусу – 27;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 14;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 45;
  • Жалал-Абад облусу – 6;
  • Баткен облусу – 12.

Карылар шарап майрам учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Дарыгер COVID-19дан кийин кайсы ичимдик пайдалуу экенин айтып берди
Илдет илештиргендердин жалпы саны 175 437ге жетти. Анын ичинен 169 117 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирустан беш бейтап каза болуп, өлүм учурларынын жалпы саны 2 518ге жетти.

Азыркы тапта стационарда 1 132, ал эми амбулатордук шартта 1 226 адам дарыланып жатат. Өткөн суткада эмдөөдөн 11 850 киши өткөн. Анын ичинен 3 736 адам биринчи дозасын алса, 8 114ү вакцинанын экинчи компоненти менен эмделди.

Жаңылыктар түрмөгү
0