Октон каза болгон айдоочу. Дагы үч инспектор кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота милиции в Бишшкеке
Работа милиции в Бишшкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
Колго түшүрүлгөндөр өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкекте ок тийип каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин өлүмүнө байланыштуу Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун Б.Э. жана Б.А. аттуу эки кенже инспектору колго түшүрүлүп, УКМКнын тергөө камагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө", — деп айтылат маалыматта.

27-август күнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаранга табелдик куралдын огу тийип көз жумган. Милициянын маалыматына караганда, окуя саат 21.30дарда Жибек Жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Жаңы үйлөнгөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Мушташкан эмес! Милиционер атып салган айдоочунун аялы видео кайрылуу жасады
Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок жаракат алган адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кийинчерээк бул ишти кароо милдети УКМКга өткөрүп берилип, аны атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0