Айдоочунун өлүмү боюнча ишти УКМК төрагасы Ташиев өз көзөмөлүнө алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кайгуул кызматынын инспекторунун табелдик куралынын огу тийип көз жумган айдоочунун өлүмү боюнча ишти УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алды.

Маалыматка караганда, калкалоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана адам өлтүрүү фактылары боюнча дагы сотко чейинки өндүрүш катталып, алар кошумча иликтөө үчүн УКМК тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

“Жогорудагы кылмыш иштерин УКМКнын төрагасы өз көзөмөлүнө алды. Бул кылмышты жасоо менен байланышкан коомдук резонансты эске алуу менен УКМК коомчулукка иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берип турат”, — деп айтылат билдирүүдө.

27-август күнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаранга табелдик куралдын огу тийип көз жумган. Милициянын маалыматына караганда, окуя саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок жаракат алган адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Жаңы үйлөнгөндөр шакек кийүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жакында эле үйлөнгөн. Бишкекте атып өлтүрүлгөн айдоочу тууралуу маалымат
Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кийинчерээк маркумдун келинчеги окуя боюнча буга чейин айтылган маалыматтарды төгүндөгөн видео кайрылуу таратты. Ал жолдошу милиционер менен согушпаганын, айтышып кеткендиги үчүн гана инспектор ок атканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0