Жакында эле үйлөнгөн. Бишкекте атып өлтүрүлгөн айдоочу тууралуу маалымат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы үйлөнгөндөр шакек кийүү учурунда. Архив
Жаңы үйлөнгөндөр шакек кийүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Айдоочуга ок чыгарган инспекторго "Бийликтен аша чаап колдонуу" беренеси боюнча иш козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкекте ок жеп каза болгон 32 жаштагы Чыңгыз Абдыраев жакында эле үйлөнгөн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маркумдун достору билдирди.

"Балдары жок болчу, жакында эле үйлөнгөн. Никесин кыйдырганга эле жетишип калды, бирок расмий түрдө никесин каттата элек болчу. Мүнөзү токтоо эле, унаа жууган жай иштетчү", — дешти алар.

Работа патрульной милиции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Бишкектеги айдоочунун өлүмү: инспектор менен чатакташкан учурдун видеосу
27-август күнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаранга табелдик куралдын огу тийип көз жумган. Милициянын маалыматына караганда, окуя саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок жаракат алган адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0