Бишкектеги айдоочунун өлүмү: инспектор менен чатакташкан учурдун видеосу

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КРРабота патрульной милиции в Бишкеке
Работа патрульной милиции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Айдоочу менен Кайгуул милициясынын чатакташа кеткен учуру видео көзөмөлгө түшүп калган. Инспектор учурда УКМКнын тергөө абагында.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Видео Instagram тармагына жүктөлдү.

27-август күнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаран ага таандык куралдын огу тийип каза болгон. Милициянын маалыматына караганда, окуя саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Oppa (@oppa_kg)

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок жаракат алган адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0