196 кишиден коронавирус табылып, 4 бейтап көз жумду. Статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛечение больных с COVID-19 в ГКБ №52
Лечение больных с COVID-19 в ГКБ №52 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Өлкөдө пандемия башталгандан бери 175 009 кишиден коронавирус аныкталып, анын 168 398и ооруну жеңди. Ал эми 2 507 киши коронавирустун курмандыгы болду.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 196 кишиден коронавирус табылып, 386 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 65;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 33;
  • Ош облусу – 7;
  • Талас облусу – 10;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 36;
  • Жалал-Абад облусу – 26;
  • Баткен облусу – 12.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 175 009 кишиден коронавирус аныкталып, анын 168 398и ооруну жеңди. Жуктургандардын саны азайганы менен өлүм учурлары токтой элек. Кечээтен бери COVID төрт адамдын өмүрүн алган. Каза болгондордун жалпы саны 2 507 болду. Азыркы тапта ооруканаларда 1 184 бейтап медициналык жардам алып жатса, 1 481 киши үй шартында дарыланып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0