Казакстандан мыйзамсыз 1 266 баш мал алып келе жаткандар чек арадан кармалды

© Sputnik / Георгий Зимарев / Медиабанкка өтүүФермерское хозяйство в Краснодарском крае
Фермерское хозяйство в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Аталган мамлекеттик кызмат бардык импорттоочулардын товар алып келүүгө уруксат кагаздары болгон эмес дейт.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан жүздөгөн мал жана башка товарларды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

© YouTube / Налоговая служба КРВыявлена попытка незаконного ввоза 1266 голов скота — ГНС КР. Видео
Казакстандан мыйзамсыз 1 266 баш мал алып келе жаткандар чек арадан кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Выявлена попытка незаконного ввоза 1266 голов скота — ГНС КР. Видео

Кызматкерлер мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан контролдук-өткөрмө пунктуларынан тиешелүү уруксат берүүчү документи жок мал-жандык жана башка товарларды аныкташкан.

  • "Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктунан 272 баш кара мал, 910 баш майда жандык, 22 тонна улпак, 22 тонна арпа, 22 тонна түтүк, 9 тонна минералдык плиталарды жана көчмө мончо алып келе жаткан жүк ташуучу унаалар кармалган;
  • "Чалдыбар" пунктунан 69 баш жылкы, 15 баш бодо мал, 15 тонна тоок жумурткасын, 2 бирдик автотранспорттук каражат жана гигиеналык каражаттарды алып өтүү аракетине бөгөт коюлган;
  • "Ак-Жол" пунктунан 2 тонна чай, 2 тонна малдын майын жана чогултулган жүктү ташып бара жаткан унаа кармалган.

Бардык импорттоочулардын товар алып келүүгө уруксат кагаздары болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0