БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирус 229 адамдан табылып, 444 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 102;
- Ош шаары – 7;
- Чүй облусу – 46;
- Ош облусу – 8;
- Талас облусу – 3;
- Нарын облусу – 12;
- Ысык-Көл облусу – 27;
- Жалал-Абад облусу – 14;
- Баткен облусу – 10.
Жалпысынан өлкөдө илдет илештиргендердин саны 174 576га жетип, анын 167 590у айыкты.
Бир сутка ичинде төрт адам каза болуп, өлүм учурларынын жалпы саны 2 498 болду.
Азыркы тапта ооруканаларда 1 260, ал эми амбулатордук шартта 1 794 адам дарыланып жатканы айтылды.