Ичи толгон маршрутка жеңил автоунаа менен кагышып, оодарылып калды. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовНарушение ПДД в Бишкеке
Нарушение ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Кадрлардан бус капталына оодарылып калганы, жабыркаган адамдар аны тегеректеп турганы көрүнүп турат.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Лебединовка айылында маршрутка менен жеңил унаа кагышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине окуяга күбө болгон адам билдирген.

"Ичи толгон №258 маршрутка "Фрунзе" гипермаркетинин тушунан Mercedes Benz менен кагышты. Микроавтобустан жүргүнчүлөрдү алып чыктык", — деди ал.

ЖКККББ азырынча маалымат бере элек.

Ал арада интернетте окуя болгон жерден тартылган видеолор тарап жатат. Кадрларда бустун капталына оодарылып калганын, жеңил унаа талкаланганын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0