Көлдө журналисттер кабылган жол кырсык: өкмөт алдыдагы унааны күнөөлөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота маршрутного такси в Бишкеке
Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Өкмөттүн билдиргенине караганда, журналисттер бараткан кичи автобустун алдындагы автоунаа тормозун катуу басып жиберген. Мунун айынан башка унаалар тез чара көрө албай калган.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Министрлер кабинети Ысык-Көлдө журналисттер кабылган жол кырсыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Окуя кечээ кечинде Балыкчыдан анча алыс эмес Көк-Мойнок айылында болгон. Кырсыкка үч унаа кабылып, алардын бири — журналисттерди ташып бара жаткан кичи автобус болгон. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Ысык-Көлдө Евразия экономикалык бирикмесине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары катышкан жыйынды чагылдырып жүрүшкөн.

"Жол кырсыгы тормозун кескин басып жиберген алдыдагы автоунаанын айынан болду. Мунун кесепетинен бир нече унаанын айдоочусу, анын ичинде журналисттерди салып бара жаткан кичи автобус ыкчам аракетти көрө албай калган", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт ЖМК өкүлдөрүн ташып бараткан кичи автобустун айдоочусу ылдамдыкты жогорулатпаганын, окуянын жагдайлары кошумча экспертизасы жок эле жеринен аныкталганын белгиледи.

"Жол кырсыгы болгон жерге дароо тиешелүү кызматкерлер келип, бус айдоочусунун күнөөсү жок экенин тастыкташкан", — деп билдирди министрлер кабинетинин маалымат кызматы.

Ошондой эле өкмөт жабыркагандар жок экенин билдирди. Бирок кырсыктан кийинки кадрлардан айрым журналисттер жеңил жаракат алганын көрүүгө болот. Окуя каттоого алынып, жүргүнчүлөрдүн ден соолугу текшерилгенден кийин кичи автобус Бишкекке сапарын улаган.

Айдоочу кыз автомектепте окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Жол кырсыгы көбөйдү! Кыргызстанда автомектептердин санын азайтуу сунушталууда
ЖКККББнын маалымат кызматы тиешелүү экспертизалар жүргүзүлбөгөндөн кийин айдоочулардын бирин күнөөлөгөн туура эмес экенин айтты. Жол милициясынын өкүлүнүн айтымында, ушул сыяктуу жол кырсыктарында көбүнчө арт жакта кетип бараткан унаалар күнөөлүү деп табылат.

Жол кыймылынын эрежесине ылайык, айдоочу кагылышууларды алдын алууга мүмкүн болгон аралыкты сакташы керек.

Ошол эле учурда жол кыймылынын эрежелеринде айдоочу тормозду жол кырсыгын алдын алуу үчүн гана баса алары, башка учурда тыюу салынганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0