Чүйдө тереңдиги 15 метрлик кудук казып жаткан үч кишинин бирөө көз жумду

© Фото / пресс-служба МЧСКазып жатып иске ууланып адам каза болгон кудук
Казып жатып иске ууланып адам каза болгон кудук - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Каза болгон киши иске ууланганы айтылат. Куткаруучулар анын сөөгүн кудуктан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Чүйдө кудук казып жаткан үч кишинин бирөө көз жумганын ӨКМ билдирди.

Окуя Чүй айылынын Пош конушунун Проектируемый көчөсүндөгү үйдүн жанында болгон.

"Үч эркек киши кудук казып жатышкан. Тереңдиги болжол менен 15 метрге жеткенде бирөөсүнүн деми кысылып, каза болгон. Экөө жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.

Жерине үч куткаруучу тартылып, каза болгон кишини кудуктан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандарды куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0