Корумдуда үч унаа кагышкан кырсыктан эки адам көз жумуп, сегизи ооруканага түштү

© AFP 2023 / PIERRE TEYSSOTЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Жазылуу
Каргашанын айынан 31 жаштагы эркек киши менен 20 жаштагы кыз ооруканадан көз жумган. Жабыркагандардын бешөө аял, үчөө эркек.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө Subaru Forester, Аudi A6 жана Mazda-626 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, анын кесепетинен эки адам каза таап, сегиз киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жол кырсыгы Корумду айылында саат 00:47лер чамасында болгон.

Каргашанын айынан 31 жаштагы эркек киши менен 20 жаштагы кыз ооруканадан көз жумган. Жабыркаган сегиз кишинин бешөө 39, 32, 28, 26 жана 24 жаштагы аял, үчөө 30, 29 жана 24 жаштагы эркек кишилер. Алар Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.

Окуя болгон жерге үч куткаруучу тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0