Түркиядагы суу ташкындоодон көз жумгандардын саны 38ге жетти

© AFP / IHH / HandoutСелден кийин Кастамону шаарында сууда жаткан автоунаа
Селден кийин Кастамону шаарында сууда жаткан автоунаа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Жазылуу
Президент Режеп Тайип Эрдоган селден жабыркаган Кастамону, Синоп жана Бартын провинцияларын табигый кырсыктардын зонасы деп жарыялаган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Түркиядагы суу ташкындоодон көз жумгандардын саны 38ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджанын айтымына таянып РИА Новости жазды.

Эске салсак, Түркиянын Кара деңиз жээги тарабында суу ташкындап, Синоп, Бартын, Карабүк жана Кастамону аймактарын сел каптап, топон суу жолдогунун баарын агызып кеткен.

"Буга чейин 31 бейтаптын каза болгону айтылган. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган селден жабыркаган Кастамону, Синоп жана Бартын провинцияларын табигый кырсыктардын зонасы деп жарыялаган. Селден Кастамону аймагында 32, ал эми Синопто алты адам мерт болгон", — деп айтылат маалыматта.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министри жаратылыш кырсыгынан 284 адам жабыркаганын кошумчалады. Буга чейин издөө-куткаруу иштери уланып жатканы маалым болуп, 1 700 адам эвакуацияланган. 300гө жакын калктуу конуш электр жарыгы жок калган.

Последствия наводнений в Бад-Нойенар-Арвайлере - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Германиянын батышын суу каптап, 1000ден ашык киши дайынсыз болууда. Видео
Көпүрөлөр талкаланып, жолдор бузулгандыктан, кээ бир трассаларда кыймыл токтотулганы айтылды. Сел бир нече көп кабаттуу үйдү да кыйратып, анда куткаруучулар иштеп жатканы кошумчаланды.

Эске салсак, июль айынын аягында эле Түркиянын Анталья провинциясында токой өрттөнүп, эл жашаган райондорго жана шаардык кварталдарга өтүп кеткен. Беш калктуу пунктунун жашоочулары эвакуацияланып, 50дөн ашык киши жабыркаган. Өрт көптөгөн үйлөрдү жана отелдерди, транспорт каражаттарын, айыл чарба ишканаларын жана ондогон гектар токойду күлгө айланткан. Жергиликтүү бийлик тилсиз жоо менен бир нече күн алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0