Бишкекте 4 автоунаа кагышып, бири оодарылып кетти. Видео

© AFP / JOHAN ORDONEZЖол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Кайгуул милициясы окуянын алдын ала версиясын маалымдады. Унаалар айып короого киргизилип, териштирүү иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бишкектеги "Ынтымак" паркынан анча алыс эмес жерде төрт автоунаа кагышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдирди.

Окуя болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрдан унаалардын бири оодарылып кеткенин, экинчиси бакты сүзгөнүн көрүүгө болот.

Бензовоз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Бишкек — Ош жолунда май ташыган унаа сайга кулап, айдоочу көз жумду. Видео
Милициядан билдиргендей, окуя кечээ, 12-августта, саат 23:00дө болгон. Алдын ала маалымат боюнча, Чыңгыз Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй бара жаткан Lexus 570 менен Ford Mondeo кагышкан. Анын кесепетинен Ford каршы тилкеге чыгып кетип Honda Fit менен сүзүшкөн. Ошол эле учурда Toyota Camry токтоп калган Lexus автосун каккан.

Жабыркаган эки адам болжол боюнча Ford үлгүсүндөгү машинада болгон.

Унаалардын бардыгы айып короого токтотулуп, териштирүү иши уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0