Баткен милициясы алтын ишканасына кол салуулар боюнча түшүндүрмө берди

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүАлтын кени. Архив
Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жазылуу
3-август күнү Катраң айыл аймагына караштуу Алмалуу тоосундагы "Апрельское AZI" алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдирип, айыл тургундары чыгышкан.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Лейлек районунун Катраң айылындагы алтын кендин кызамткерлерине кол салды делген тургундардын кармалышы боюнча Баткен облустук милициясы түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, 3-август күнү Катраң айыл аймагына караштуу Алмалуу тоосундагы "Апрельское AZI" алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдирип, айылдын тургундары чыгышкан.

"Алар ишкананын техникаларын таштап келе жаткан оор жүк ташуучу автоунааны жолдон тосуп алып, техникаларды кайра алып кетүүсүн талап кылган. 4-август күнү алтын кен иштетүүчү ишкананын кызматкерлери алып келген техникаларын кайра кайтаруу үчүн барганда жергиликтүү тургундар аларды ур-токмокко алышкан. Натыйжада төрт кызматкер жаракат алып, Лейлек аймактык ооруканасына кайрылышкан", — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле "Апрельское AZI" ишканасына таандык Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү автоунаанын талкаланганы айтылат.

"Милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыздоо, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барган кезде жыйналган эл милиция кызматкерлерине таш ыргытып, мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурушкан", —деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча КР Жазык кодексинин 265 ("Жолдорду мыйзамсыз тосуу"), 266 ("Ээнбаштык") жана 355-беренелери ("Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук") менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Саясатчы Равшан Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Равшан Жээнбековду үй камагынан Бишкектеги тергөө абагына киргизишти. Себеби
"Мунун негизинде Катраң айлынын жети тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Бирок 6-август күнү саат 06:50лөр чамасында Ош — Баткен — Исфана автожолун, тагыраак айтканда, Лейлек районунун Коргон айылындагы жолду кармалган жарандарды бошотуу талабы менен Катраң айылынын 30-40ка жакын тургуну тосуп алган", — дешти милициядан.

Кийин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен ОИИБинин начальниги Мурат Боронов жол тоскон элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Сүлүктү шаардык тергөө соту кармалган жети жаранга карата үй камагына чыгаруу менен баш коргоо чарасын кабыл алды.

Тергөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0