Сокулукта 13 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековБала сууда сүзүп жатат. Архив
Бала сууда сүзүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Беш куткаруучу кырсык болгон жерге барып, түнгө жакын баланын сөөгүн таап туугандарына өткөрүп берген.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Сокулук районундагы Күн-Туу айылындагы суу сактагычка өспүрүм чөгүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Суучул издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Кечээ Ош шаарында 10 жашар бала сууга чөгүп кетти
Окуя кечээ, 4-августта, кечке жуук болгон.

13 жаштагы өспүрүмдүн сууга чөгүп кеткени боюнча маалымат түшөрү менен беш куткаруучу кырсык болгон жерге барган. Алар түнгө жакын баланын сөөгүн таап, ошол жердеги туугандарына өткөрүп беришкен.

ӨКМ жай башталгандан тарта ата-энелерге, жалпы жарандарга сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин бекем сактоону эскертип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0