Ош: унаа түркүктү сүзүп, бир киши каза таап, үчөө ооруканага жеткирилди. Сүрөт

© Фото / Зульфия ТургуноваДТП в Оше
ДТП в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
Каргаша бүгүн түштөн кийин болду. Автокөлүк түркүктү сүзгөндөн кийин оодарылып, артында отуруп бараткан жүргүнчүлөрдүн бири ошол жерден жан берген.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Ош шаарында Hyunday Avante үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу түркүктү сүзүп, анын кесепетинен бир адам көз жумуп, үч киши жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарында Hyunday Avante үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу түркүктү сүзүп, анын кесепетинен бир адам көз жумуп, үч киши жабыркады.
Ош шаарында Hyunday Avante үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу түркүктү сүзүп, анын кесепетинен бир адам көз жумуп, үч киши жабыркады. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ош шаарында Hyunday Avante үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу түркүктү сүзүп, анын кесепетинен бир адам көз жумуп, үч киши жабыркады.
© Фото / Зульфия ТургуноваКырсык бүгүн, 31-июлда, саат 16:00 чамасында болгон.
Кырсык бүгүн, 31-июлда, саат 16:00 чамасында болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кырсык бүгүн, 31-июлда, саат 16:00 чамасында болгон.
1/2
Ош шаарында Hyunday Avante үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу түркүктү сүзүп, анын кесепетинен бир адам көз жумуп, үч киши жабыркады.
2/2
Кырсык бүгүн, 31-июлда, саат 16:00 чамасында болгон.

Кырсык бүгүн, 31-июлда, саат 16:00 чамасында болгон. Анда Исхак Раззаков көчөсүнөн Кара-Суу районун көздөй бара жаткан автокөлүктүн айдоочусу рулду башкара албай жол четиндеги түркүктү сүзүп, оодарылып кеткен.

"Кырсыкта терезелери талкаланып, айдоочу автоунаадан ыргып кеткен. Артта отуруп бараткан жүргүнчүлөрдүн бири ошол жактан мерт кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, алар досунун үйлөнүү тоюна келип, эс алып жүрүшкөн", — деп билдирди кабарчы.

Автоунаанын ичиндеги төрт адам тең 24 жашта болгон. Жабыркаган үчөө Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилди.

Окуя болгон жерде учурда Ош шаарынын кайгуул милициясы иштеп жатат, автокөлүк айып короого киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0